Ошто "досун сабап, денесине оор залал келтирген" деп шектелген жаран кармалды

Ошто "досун сабап, денесине оор залал келтирген" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

21-август күнү Алай районунун 1959-жылы туулган тургундары Жунус Суранчиев жана Суранбай Сатыбалдиев жолугушуп, спирт ичимдиктерин ичишкен. Анда соң көп жыл мурунку таарынычтар эске түшүп, экөө уруша кетишкен. Жунус Суранчиев классташы Суранбай Сатыбалдиевди сабап, жыгылган соң башына үч жолу тээп качып кеткен. Ал 24-август күнү ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кармалды. Ошондой эле ага "денеге оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан