Боом капчыгайындагы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Патрулдук милициянын Чүй облусундагы башкармалыгынын өкүлү Тилек Исаев билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган.
Айта кетсек, 23-август күнү Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 126-чакырымында Ысык-Көлдөн келе жаткан кичи автобус жеңил унааны ашып өткөн учурда дөңгөлөгү жарылып, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 7 адам жабыркап, Кемин райондук ооруканасына жеткирилген.