Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Кубогунун финалы буга чейин белгиленгендей 17-сентябрда эмес, 18-сентябрда орун алат. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болчу беттешти 1 күнгө жылдыруу КМШнын саммитине байланыштуу.
Футбол федерациясынан кабарлашкандай, беттешке 18:00дө старт берилет. 25-ирет уюштурулуп жаткан мелдештин финалына бишкектик "Дордой" футболдук клубу менен Оштун "Алай" футболдук клубу чыккан.