23-августтан 24-августка караган түнү Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталып, анда каза тапкандардын саны 159 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Аккумоли, Аматриче, Поста жана Аркуата-дель-Тронто шаарларындагы бир катар имараттар кыйроого учурады. Кеминде 368 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Учурда куткаруучулар кыйроолордун алдында калган жарандарды алып чыгуу менен алек. "Кыйроолордун алдынан алынып чыккандардын 90 пайызы өлүктөр болууда. Каза тапкандардын саны дагы өсүшү мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.