Ош шаарындагы Таджикская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жашоочулары 22-август күнү саат 10:30 чамасында 2014-жылы туулган Г.С. аттуу эркек баласы үйүнүн артынан агып өткөн Увам каналына агып кетиши мүмкүн деп куткаруучуларга кайрылышкан. Куткаруучулар издөөгө чыгып, баланы таба алышкан эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы баланын жансыз денеси 24-август күнү саат 18:25те Ош облустук ооруканасынын жанынан куткаруучулар тарабынан табылганын 25-августта кабарлады.