ЭЛДИК ВИДЕО: "Менин тамагыма бир нерсе кошуп салышы мүмкүн" дейт Иззат Артыков

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Иззат Артыков: "Менин тамагыма бир нерсе кошуп салышы мүмкүн" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Pitbull_l).

2016-жылдагы Олимпиада оюндарында мекендешибиз, оор атлетчи Иззат Артыков коло медаль тагынып, калың элди катуу сүйүнткөн эле. Арадан көп өтпөй допинг чырына байланыштуу спортчунун жеңиши жокко чыгарылган. Кезектеги видеодо Иззат Артыков эч кандай каражат колдонбогонун, эмне болуп кеткенин өзү да түшүнбөй турганын жана бирөөлөр тамак-аш же сууга бир нерсе кошуп берип коюшу мүмкүн экенин айтат. "100 пайыз билем, андай каражат колдонгон эмесмин. Агайлар да билишет, баарын көзөмөлдөп турушчу, аны жебе, муну жебе, бирөө берген сууну ичпе деп", - дейт спортчу.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
gordaya
2016-08-25 10:25:15
Бул дагы сага Алладан келген сыноо! Сенин которо аларынды билип берди Аллах бул сыноону, чокпо, сен биз учун баары бир чемпионсун!
+4
Eka_98
2016-08-25 10:35:54
мен допинг ичкен эмесмин болгону кучтондуручу суу ичкем дегенин билем
+2
nuridindosmatov
2016-08-25 11:20:07
Eka_98,качан айткан аны
0
Mers124
2016-08-25 12:19:41
Энергетик ичкем деген. Энергетиктен деле чыгышы мүмкүн да.
+3
tulpar90
2016-08-25 15:26:35
Флеш менен редбул ичкем деген
-1
Sara07
2016-08-25 15:38:20
Иззат калп айтпаса керек ,муну атайын мурунтан бироо пландап жасаган болушу мумкун.
0
Shapak1979
2016-08-25 16:14:49
Болду актана бербе. Баары бир Кыргыз элин уят кылдын.
-6
AKCAHAT
2016-08-26 00:13:06
Негизи 1 коло учун ушинтип бироого бирдемке ичиргени кызык а эмнеге 13 медал алган озбектерге куйугушуп аларга ичиришкен жок же тайландка куйугушподу же казакстанга. Эгер медалдын жарымын биз утуп медал тугонуп баратса экен буттубуздан чалышкыдай. Кыскасы куноо озундо.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан