Бүгүн, 25-августта Монакодо (Франция) Чемпиондор Лигасынын кезектеги сезонунда ойной турган 32 команда 8 тайпага бөлүштүрүлөт. Чүчү кулак таштоо иш-чарасынан тышкары бул күнү акыркы сезондун жыйынтыгы чыгарылып, Европанын мыкты футболчусу аныкталат. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, буга чейин сыйлыкка талапкер 3 футболчунун тизмеси жарыяланган. Үчтүккө 10 талапкердин ичинен добуш берүүнүн негизинде франциялык Антуан Гризманн, уэльстик Гарет Бэйл жана португалиялык Криштиану Роналду кирген. Иш-чара Бишкек сааты боюнча 22:00гө туураланган.
2011-жылдан тарта тапшырылып келген сыйлыкка буга чейин Лионель Месси (2011-жылы, 2015-жылы), Андрес Иньеста (2012-жылы), Франк Рибери (2013-жылы) жана Криштиану Роналду (2014-жылы) ээ болгон.