Орусиялык телеалпаруучу Дмитрий Шепелев маркум ырчы Жанна Фриске тууралуу китеп жазып чыкты. "Жанна Фриске" деп аталган китептин качан жарыкка чыгары тууралуу азырынча так маалыматтар жок. Ал эми Орусиялык басылмалардын билдиргенине караганда, китеп ушул жылдын сентябрь айында жарык көрөрү пландалууда. Анда Дмитрий Шепелев менен ырчынын кантип таанышып калганы, мамилелери, уулу Платондун төрөлүшү жана үй-бүлөсүндөгү бактылуу учурлары баяндалганы айтылууда.
Белгилей кетсек, 2013-жылы 7-апрелде Жанна Фриске өзүнөн 9 жаш кичүү телеалпаруучу Дмитрий Шепелев экөө уулдуу болуп, атын Платон коюшкан. Көз жаргандан 2 ай өтпөй Жаннанын ден соолугу начарлаган. 2014-жылы январь айында Жаннага 4-даражадагы глиобластома (мээнин залалдуу шишиги) диагнозун коюшкан. Ал Германия, АКШнын клиникаларында дарыланган. Аны дарылатуу үчүн жолдошу каражат топтоону уюштуруп, жалпысынан 70 миллионго жакын рубль жыйналган. Айыккыс дарт менен алышкан ырчы 2015-жылы 15-июнда 41 жашында дүйнөдөн кайткан.