"Чырак" даректүү тасмасы Орусияда өтө турган фестивалга чакырылды

Асел Жураева режиссёрдук кылган "Чырак" тасмасы Орусияда өтө турган IX Эл аралык
кинофестивалына чакырылды. "Соль земли" деп аталган фестиваль Орусиянын Самара шаарында ушул жылдын 19-23-сентябрь күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге режиссёр Асел Жураева бүгүн, 25-августта билдирди.

"Кыска метраждуу тасма экенине карабай тасманы 2 жылда тартып бүттүк. Анда башкы каармандар Залкарбек жана анын энеси Калбүнүн электр тогу жок жашаган турмушу чагылдырылат. Тасма Бишкектен 15 чакырым алыстыкта жайгашкан Ынтымак айылында тартылды. Учурда XXI кылым экенине карабай өлкөбүздө дагы деле электр тогу жок айылдар бар экен. Ынтымак айылынын тургундары буга чейин 15 жылдай электр жарыгы жок жашап келишиптир. Азыр бул айылга электр тогунун келгенине 1 жылдай болуп калыптыр", - деп билдирди А.Жураева.

Анын айтымында, Орусияда өтө турган фестивалга "Чырак" тасмасынан сырткары Тынай Ибраимов тарткан дагы бир тасма катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан