Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 52 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-август күнү Ибраимов көчөсүнөн болжол менен 50-55 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркум мойнуна бычактан алган жаракатынан улам каза тапканы аныкталган. Иликтөө иштеринин алкагында каза болгон жаран Ысык-Көл облусунун 1970-жылы туулган Ш.Б. аттуу тургуну экени аныкталган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 52 жаштагы Ысык-Көлдүн тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.