30-августта Бишкекте футбол боюнча Казакстан курамасы менен Кыргыз Республикасынын курамасы жолдоштук беттеш өткөрөт. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган беттешке саат 20:00дө старт берилмекчи.
КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, бул беттешке карата машыгуу сборуна чакырылган футболчулардын тизмеси төмөнкүчө:
Дарбазачылар: С.Покатилов ("Кайрат"), Д.Лория ("Иртыш"), В.Плотников ("Кайрат").
Коргоочулар: Д.Шомко ("Астана"), Ю.Логвиненко ("Астана"), Г.Суюмбаев ("Кайрат"), А.Бейсебеков ("Астана"), С.Малый ("Астана"), Е.Ахметов ("Иртыш"), В.Дмитренко ("Тобол").
Жарым коргоочулар: С.Смаков ("Ордабасы"), И.Куат ("Кайрат"), Б.Исламхан ("Кайрат"), М.Байжанов ("Шахтёр"), А.Нургалиев ("Астана"), С.Мужиков ("Астана"), А.Тагыберген ("Астана"), А.Мухутдинов ("Тобол"), С.Лунин ("Кайрат").
Чабуулчулар: С.Хижниченко ("Тобол"), Ж.Молдакараев ("Окжетпес"), Т.Нусербаев ("Астана"),
Р.Муртазаев ("Иртыш").
Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курамасы даярдыгын бүгүн баштамакчы. Башкы машыктыруучу Александр Крестинин машыгуу сборуна 23 футболчуну чакырган.
Бул беттештен кийин казак футболчулары 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында Польша курамасы менен беттешет. Оюн 4-сентябрда "Астана-Арена" стадионунда орун алат. Ал эми өлкөбүздүн футболчулары 6-сентябрда жолдоштук беттеште Филиппин курамасына каршы турушат.