Бишкек шаарынын Жибек-Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн, 25-августта маршруттук такси менен жеңил унаа кагылышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман билдирди.
"Окуя саат 15:45тер чамасында болду. Жол кырсыгына кабылган кичи автобуста 10го жакын жүргүнчү болгон. Эки унаа кагылышкан жерге патрулдук милиция кызматкерлери келип, абалды көзөмөлдөп турушту. Кырсыкка Аламүдүн багыты боюнча бара жаткан Mercedes Benz жана Кулиев көчөсүнө бурулуп жаткан Honda Fit үлгүсүндөгү жеңил унаа кабылды. Кырсыктан жабыркагандар болгон жок", - дейт окурман.
Бул тууралуу патрулдук милиция кызматкери төмөнкүдөй жооп кайтарган:
"Атайын жол кырсыгы боюнча милициянын тобу келип абалды карап чыгат. Кайсы унаа жол эрежесин бузгандыгын, кандай ылдамдыкта келгендигин такташат. Ал эми кырсыкка кабылган маршруттук такси жана жеңил унаа атайын айып аянтына жеткирилет".
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.