Ингушетия Республикасынын башчысы Юнус-Бек Евкуров эркин күрөш боюнча "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында күмүш медаль тагынган Зелимхан Картоевге батир жана автоунаа белек кылды. Спортчу Орусиянын курамына кире албасына көзү жетип, 2013-жылы Түркиянын жарандыгын алган.
Спортчу Олимпиадада 86 килограмм салмакта килемге чыгып, финалда орусиялык Абдулрашид Садулаевге утулуп калган.
Буга катар Орусиянын атынан чыккан ингушетиялык дзюдочу Хасан Халмурзаев 81 килограмм салмакта алтын медаль тагынган. 22 жаштагы спортчуну кичи мекенинде салтанат менен тосуп алышып, ага да 1 автоунаа жана батирдин ачкычы тапшырылган.
Ингушетиянын күрөш мектебинин дагы бир тарбиялануучусу Магомед Мусаев бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын атынан ири мелдештерге катышып келет. Балбан "Лондон-2012" Олимпиадасында 7-орунду ээлесе, "Рио-2016" Олимпиадасында 9-орунду ээлеп калды.