Бишкек. "4 айлык баласын сабады" делген жаран психиатриялык ооруканада каттоодо турганы аныкталды

Бишкекте "4 айлык баласын сабады" делген жаран боюнча соттук-психологиялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү учурда Бишкектеги №1-СИЗОдо камакта отурат.

Ага карата соттук-психологиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Ал буга чейин психиатриялык ооруканада каттоодо турганы белгилүү болду”, - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Айта кетсек, буга чейин айыпталуучунун аялы алгач күйөөсү окуя тууралуу эч нерсе дебегенин, кийин милицияда “катуу ыйлаганынан сабагам” деп күнөөсүн мойнуна алганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
DNurgiza
2016-08-25 18:38:45
баланын ден соолугу жакшы бекен....бала деген ыйлайт да....
0
Sirduusezim
2016-08-25 21:31:50
Иий жараткан балага ден соолук бере кор. Эми ага карматпаныз апасы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан