Бүгүн, 25-августта Монакодо (Франция) футбол жаатындагы маанилүү иш-чаралардын бири орун алды. 55 мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусундагы жыйында Европанын акыркы сезондогу мыкты футболчусу аныкталды.
Европалык футбол ассоциацияларынын кеңешинин (УЕФА) расмий сайты кабарлагандай, добуш берүүнүн негизинде сыйлык ээси болуп португалиялык Криштиану Роналду табылды. Ал сыйлык үчүн жарышта франциялык Антуан Гризманн менен уэльстик Гарет Бэйлди артка калтырды.
Роналду акыркы сезондо "Реалдын" курамында Чемпиондор Лигасын утуп, 16 гол жаратуу менен мелдештин башкы бомбардири аталган. Ошондой эле июль айында Португалиянын курамында Европанын чемпиондугун утуп алган.
Кошумчалай кетсек, сыйлык 2011-жылдан тарта Европанын лигаларында ойногон мыкты футболчуларга тапшырылып келет. Буга чейин "Европанын мыкты футболчусу" наамын аргентиналык Лионель Месси (2011-жылы, 2015-жылы), испаниялык Андрес Иньеста (2012-жылы), франциялык Франк Рибери (2013-жылы) жана Криштиану Роналду (2014-жылы) утуп алган.