Жалал-Абад облусунда 9 жаштагы кыз сууга агып кетип каза тапты

Жалал-Абад облусунда 9 жаштагы кыз сууга агып кетип каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-августта саат 12:15 чамасында Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу суусуна 2007-жылы туулган Т.М.А. аттуу кыз агып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №94-өрткө каршы бөлүмүнүн куткаруучулары барганга чейин айыл тургундары кыздын жансыз денесин суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
DNurgiza
2016-08-26 16:54:32
ата энесине,туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.....өкүнүчтүү...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан