Кыргыз-казак чек арасынан жасалма паспорт менен 23 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1993-жылы туулган А.Э. аттуу кыргыз жараны “Чалдыбар унаа жолу”
көзөмөл-өткөрүү жайынан чек арачылар тарабынан кармалган. “Кармалган жаран Казакстанга өтүүгө аракет кылып, жасалма паспортту көрсөткөн. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.