Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер силкинүү бүгүн саат 11:45 чамасында болгон.

“Анын очогу Бар-Дөбө айылынан 25 чакырым чыгышта, Кара-Киндик айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышта, Нура айылынан 30 чакырым түштүк-батышта орун алган. Анын күчү калк жашаган аймактарда 2 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан