Казак чек арачылары тарабынан бутундагы протезине баңгизат жашырып өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта казакстандык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, Кыргыз өлкөсүнүн жараны паспорт текшерүүчү жайдан ийгиликтүү өткөн соң атайын үйрөтүлгөн иттер шектүү жыт боюнча белги беришкен. Текшерүү учурунда жарандын оң бутундагы протезинен 650 грамм баңгизат табылган. Кармалган жаран жана далил зат Кордай райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.