"Forbes" эң көп төлөнгөн актёрлордун тизмесин жарыялады

Голливуд актёру Дуэйн Жонсон буга чейин эң көп төлөнөт делген Роберт-Дауни кичүүсүн сүрүп чыгып, "Forbes" журналы боюнча "2016-жылы эң көп каражат тапкан актёр" деп табылды. Бул тууралуу журналдын расмий сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, Дуэйн Жонсон бул жылы 64,5 миллион доллар тапкан. Ал мындай акчаны "Форсаж 8", "Бир жарым тыңчы" ("Полтора шпиона") жана "Малибу куткаруучулары" ("Спасатели Малибу") тасмаларына тартылып тапкан.

2-орунда Жеки Чан 61 миллион доллар кирешеси менен турат. 3-орунду "Марс тургуну" ("Марсианин") жана экранга чыга элек "Улуу дубал" ("Великая стена") тасмасына тартылган Мэтт Дэймон 55 миллион гонорары менен ээледи. Ошондой эле эң көп каражат тапкан актёрлордун ондугуна Том Круз (53 миллион), Жонни Депп (48 миллион), Бен Аффлек (43 миллион), Вин Дизель (35 миллион), Шахрух Хан (33 миллион), Роберт Дауни кичүүсү (33 миллион) жана Акшай Кумар (31,5 миллион) кирген.

Ал эми айымдар арасында эң көп гонорар алган актриса деп 46 миллион доллары менен "Ачкачылык оюндары" ("Голодные игры") тасмасында башкы каармандын ролун жана "Белгисиз адамдар" ("Люди Икс") тасмасында ойногон Женнифер Лоуренс табылды. 2-орунду Мелисса Маккарти (33 миллион), 3-орунду Скарлетт Йоханссон (25 миллион) ээледи. Женнифер Энистон 21 миллион доллары менен 4-орунду, кытай актрисасы Фань Бинбин 17 миллион доллар менен 5-орунду ээлеген. Шарлиз Терон бул жылы 16,5 миллион доллар таап, 6-орунда. 7-орунда Эми Адамс, анын кирешеси 13,5 миллион долларды түздү. 8-орун 12 миллион тапкан Жулия Робертске буюрса, 9-орун 11 миллион гонорар алган Мила Кунисте. Индиялык актриса Дипика Падукон 10 миллион доллар таап, 10-орунду алган.

Женнифер Лоуренс алгачкы орундукта турганы менен, былтыркыга караганда бул жылы 6 миллион доллар аз тапкан. Ал эми Мелисса Маккарти, тескерисинче, 10 миллионго көп тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
leilekstan_1987
2016-08-26 17:19:03
Жылдык кирешеси 65.5 млн??? Ушулар мынча акчасын каяка коротот экен? Мага 65.млн бир омурго жетмек.
0
beka1207
2016-08-26 17:56:10
leilekstan_1987,
Сага бир өмүргө жетсе,мага 65 адамга бөлүп берсе да жетмек)))))
+1
Ali-han
2016-08-26 18:01:29
Леонардо ди кабриону жазбайсынарбы супер инфо. Лео деле базар жок алат го
+4
dervisha
2016-08-29 00:04:42
Ali-han,Бул тизмени супер инфо тузгон эмес.Жогоруда жазылып тургандай,Forbes журналынын жарыялаган топ рейтинги.Супер инфо болгону аны которуп жарыялаган.
0
saltanat.
2016-08-27 06:02:55
Скарлет сонун кыз да жагат мага.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан