Америкалык ырчы Бритни Спирс тууралуу тасма тартылат

2016-жылдын сентябрь айында Канаданын Ванкувер шаарында америкалык ырчы Бритни Спирс тууралуу тасманы тартуу иштери башталат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарда башкы ролду актриса Наташа Бассетт ойноору айтылат.
"Бритни" тасмасы эки саатка созулуп, анда ырчынын атак-даңкка жетүүдөгү тарыхы, ийгиликтери, жашоосундагы ийгиликсиз учурлары баяндалмакчы. Ошондой эле ырчынын күйөрмандары Бритни кантип ырчылык карьерасын баштагандыгы, ырчы Жастин Тимберлейк менен болгон сүйүү романы жана мурунку никелери тууралуу маалыматтарды ала алышат. Тасма 2017-жылы жарыкка чыгары пландалууда.
Белгилей кетсек, "Грэмми" сыйлыгынын ээси, ырчы, бийчи, ырларынын автору жана актриса Бритни Спирс 1981-жылы 2-декабрда АКШнын Луизиана штатындагы Кентвуд шаарында төрөлгөн. Атагы алыска тараган Бритнини белгилүү "Rolling Stone" журналы дүйнө боюнча учурдагы ийгиликтүү 25 айымдын катарына киргизген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
DNurgiza
2016-08-27 02:16:33
ийгилик!
0
mahoni1980kg
2016-08-27 07:46:46
коруш керек экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан