SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Земфира, туулган күнүң менен!" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
"Чырлуу кыз" аталган орусиялык ырчы Земфира 26-августта 40 жашка толду. Бул күндүн урматына ырчынын күйөрмандары өзгөчө, таасирдүү куттуктоо даярдашкан. Алар атайын видео жаздырышып, анда күйөрмандарынын ырдап-бийлеп жатканын, кумиринин жандуу портретин түзүшкөнүн көрүүгө болот. Ал эми видеодо Земфиранын эмес, Майкл Жексондун "Love never felt so good" чыгармасы жаңырат.
"Кымбаттуу Земфира, баарыбыз үчүн өзгөчө, маанилүү ушул күндө сизге кандай каалоо-тилектерди айтууну көпкө ойлондук. Бирок биздин сизге болгон сезимдерибизди сөз менен жеткирүүгө мүмкүн эмес. Андыктан бүгүн биз түрдүү шаар, өлкө, аймактардан, түрдүү көз караштагы, кесиптеги, бактылуу, кайгылуу, жаш-карыбыз - баарыбыз биригип сиз үчүн бийлейбиз. Туулган күнүңүз менен!" - деп жазышкан видеонун жаратуучулары.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.