44 жаштагы жарандын үйүнөн 40 килограмм кара куурай табылды

Чүй облусунун тургунунун үйүнөн 40 килограмм кара куурай табылганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, 25-август күнү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгы менен Панфилов РИИБинин кызматкерлери биргеликте Панфилов айылынын 44 жаштагы П.С. аттуу жашоочусунун үйүн тинтүүгө алышкан.

Текшерүү маалында анын велосипединде байланган 3 каптын ичинен жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар, салмагы 40 килограмм болгон кара куурай табылган. Кармалган жаран жана алынган заттар Панфилов РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aydarov...
2016-08-27 11:28:53
Дагы 4 кг кошуп койсо болмок
0
Mirlan5
2016-08-27 11:41:56
П.С деген жарандан кара куурайын алып кайра А.М деген жаранга сатып жибергиле... кармадык деп эле тош кагышат...
+6
Adi97
2016-08-27 13:23:26
Mirlan5, pilus basam dep atyp minus basylyp ketti kechirgile
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан