Москвадагы өрт: Ооруканада жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын аты-жөнү аныкталды

Москвадагы өрттөн жаракат алып ооруканада жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын аты-жөнү болжолдуу аныкталды. Тышкы иштер министрлигинин Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып берген маалыматына ылайык, ооруканада жаткандар төмөнкүлөр: Калбай кызы Кызбурак, Исраил уулу Уларбек, Нурмухамед Кадыржанов.

Дагы бир жаран ооруканадан каза болгон. Учурда каза болгон жарандын аты-жөнүн жана жаракат алгандардын абалын билүү үчүн элчиликтин кызматкерлери ооруканага жөнөп кетишти. Ошондой эле элчиликтен билдиришкендей, аталган жарандардын аты-жөнүн тактоо иштери оперативдүү жүргүзүлгөндүктөн, маалыматты так деп эсептөөгө болбойт. Окуянын жүрүшүнө көз салып, каза болгон 14 кыргыз жарандарынын өздүгү менен катар ооруканадагы бейтаптардын аты-жөнү, абалы тууралуу да кабарлап турмакчыбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
KaiMak
2016-08-27 19:02:53
Кызбурак менен Кызбулак 1 туугандар... Айыгып кетишсинчи! Аминь
+22
kirgizstan
2016-08-27 23:12:02
KaiMak, кандай бир тууган бири калбай кызы бири Кобай кызы же супер ката жазганбы эгер бир тууган болсо эгиздерго айыгып кетсиндер ылайым АЛЛАХ шыпаа берип
+2
nalukg
2016-08-27 19:33:18
Allahtan wypaa tileimin batyraak aiygyp ketkile. Arkanarda biz barbyz birtuugandar uybulonor m.n baktyluu bolgula
+6
baku24
2016-08-27 19:39:31
Эртеден бери Кыргызстандыктар деп айтып жатышат го элчилик эми ойгонупбу
+6
557
2016-08-27 19:40:33
Биздин бийлик окулдору учуп барышты бекен кабыргам кайышты. Аллахым озун сабыр бере кор жакындарына
+6
barakcha
2016-08-27 23:52:02
557,кайдан учуп барат?Скоро аш той сезон..ырдаш керек!
+4
DNurgiza
2016-08-27 19:47:50
айыгып кетишсин...жаман болгон экен, кайран кыргызым....
+5
leili1
2016-08-27 21:30:59
Аллахым шыпаа берекор,бир гана жардам беруучу (эх эн окунучтуу кун болду ыйлап ыйлап баш ооруп кети)
+1
Beksultan-007
2016-08-27 22:07:05
Кайсы жерден экенин да жазып койсонор админ
-1
Kroxa
2016-08-28 09:01:53
Калгандардын аты жонучу:-):-):-)
0
KaiMak
2016-08-28 11:51:34
Kroxa,ушуларле ооруканада да... калганы оо дуйного кете беришти...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан