Москвадагы өрт: Москвада 17 адамдын өмүрүн алган өрт электр чырагынан чыкканы айтылды

Бүгүн, 27-августта Москва шаарында катталган өрттөн 17 адам каза болуп, 3 адам ооруканада оор абалда. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, кырсыктын келип чыгуу себептери болжолдуу аныкталды. Кырсык 1-кабаттагы типографиянын кампасындагы иштен чыккан электр чырагынан келип чыккан. Өрт кырсыгы башталган жерде кагаздар жана тез күйө турган суюк заттар болгон. 1-кабаттан түтүндүн жыты келе баштаганда, басмакананын кызматкерлери башка бөлмөлөрдү көздөй кача башташкан. Тилекке каршы, ал жактарда өрт чыккан учурда адамдар эвакуациялана турчу шарт болгон эмес. Натыйжада кызматкерлер имараттан чыга албай калышып, түтүнгө ууланып каза табышканын Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москвадагы бөлүм башчысы Илья Денисов "РИА Новости" басылмасына кабарлаган.

"Өрт 1-кабаттан чыгып, андан чыккан ис жүк ташуучу лифттин шахтасы аркылуу 2-кабатка тараганын аныктадык", - деген Денисов.

Бул факт боюнча өрт коопсуздугу сакталбаганы үчүн кылмыш иши козголгону маалым болду.

Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы өрт болгон жерге барып, тергөө иштерине көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

"Бул окуя бизди кайгыга салды. Диаспоранын өкүлдөрү тергөө иштерине жардамдашууга даяр. Өрт кырсыгы бул жылы экинчи ирет кайталанып жатат. Мындай окуяларда моралдык жана материалдык жардам берип келебиз", - деген Москвадагы "Кыргыз биримдиги" коомунун башчысы Абдыганы Шакиров.

Эскерте кетсек, буга чейин Москвадагы Стромынка көчөсүндө өрт чыгып, 8 кыргыз жараны каза болгон. Ал өрттөн кийин жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн соң шаардык прокуратура "мыйзамсыз миграция" беренеси менен кылмыш ишин ачууну талап кылган болсо, бул ирет Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамдуу түрдө жүрүшкөнүн "РИА Новости" басылмасы жазып чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (45)
pochtalyonin
2016-08-28 02:26:19
Кайталы мекенге туугандар
+1
Arcen2015
2016-08-28 02:51:58
Жаткан жери жайлуу болсун.Кудайым озун сактай кор. Алыс жерде иштеп жургон кыргыз элимди!!
+4
orozova
2016-08-28 03:19:01
Аллахым озун сактай кор кырсыктардан.Аллахым каза болгондордун кунолорун кечире корсун.
+1
orozova
2016-08-28 03:23:03
Кыргыз элим ыйманыбызды бекем дейли.Парз болгон намазыбызды окууйлук.Бийликтин бузулганы карапайым элге зыяны тийип жатат.
+2
Arslan12
2016-08-28 03:28:31
Абдыганыдан башка мамлекеттик уюм жокпу же кыргызмамлекети абдыганыны карап турабы?
0
Ananai
2016-08-28 04:12:11
Байкуш кыргыздарым аай,не дегенгана кундорду коруп атат!Ошол ортто баарынан да 16,17жаштардагы эне суту оозунан кете элек синдилерибиздин каза болгону жаман болуптур!Эй кыргыздар неге тушунущпойт.Москвада ушундай жаман жапжаш кыздарынарды жибербегилечи Москвага сураныч силерден.Ушинтип каза болуп кор болуп атышат бардыгы ботон эл ботон жерде!Кагылайын кыргыздар жаш балдар кыздарынарды аягылачы сураныч!Биздин чондорго да наалат.120сы отурат эч пайдасы жок.Ойлонушпайбы алар да((((
+3
Aziyat
2016-08-28 04:23:36
Ото окунучтуу кырсык болду. Угуп алып жаман ыйлагым келди((((((
0
Azizbek.kg8
2016-08-28 04:41:40
Эркек башым мен ыйладым ыйлабаганыма коп болду эле чын бугун ыйлап журогум сыздап олтурат.неге именно кыргыздар,
+1
Gulasyl
2016-08-28 05:22:30
Кудай сактасын кайсыл жерде журсок дагы, миндеген аламдар агарып когоруп жатат Москвадан.Тантып Президентке асылбай дуа кылалы олгондорго, жакындарына сабыр берсин.Жаткан жерлери жайлуу болсун!
+1
Frunze74
2016-08-28 07:30:52
Gulasyl, ошол "жакшы" президенттериндин "жакшылыган, жакшы иштегенинен" улам жогорудагы жапжаш улан-кыздар Россиялап иштеп, жогорудагыдай кырсыкка дуушар болуп отурат. Бийлик жакшы болуп мамлекетибиз онуксо Казахстандай болуп, кыргыздар да отурмак Кыргызстанда эле. Эмгекке жарамдуу элибздин 40-50%ти сыртта журот, бул корсоткуч боюнча Кыргызстан дуйнодо Тажикистандан кийин эле 2-орунда болсо керек. Ошолордун баары биздин 26жылдан бери алмашпаган бийликтин айынан...
-1
Cekech
2016-08-28 07:44:42
Эмне журосунор чоочун жерде темселеп,мекенибизден деле табасынар болот ошол 20-30мин сомду. Бирогоо кор болбой келгиледа,иштегиле жер айдасанарда.

Чонураак чычып коюп деле Атамбаев ди куноолоп жатып каласынар. Ошол 17кыздар ал жакка эмне барды? Ата эмнеси жиберди да,бары акча тап деп. Окутпайбы андан коро,иши кылып акча салса болду аларга. По жакта алар бузулуп,алды бала тороп мусорго таштып,акты сойку болуп журушот. Атамбаевдан мурун деле журчу эленерго Москвалап,орустардын ######
-7
Ananai
2016-08-28 08:01:23
Cekech, Кыргызстанга келсе эле бешенесинен ооп жыттап ишке ала коюшкандай суйлойсун да.Ала койгон кундо да иш бар бекен озу Кыргызстанда.Жок учун баары журот сагалап ботон элдин эшигинде нанга тыйын издеп.Ач кадырын ток балээни билмек беле.Ойлонуп жазсан болмок.Сенин алдыгындай создорун менин да конулумо тийди...
+3
Cekech
2016-08-28 08:19:31
Ananai,Баардыгы аракет менен болот,ишке орнош учун билим керек.16 жаштагы кыз иштебей окуш керек,баарына Ата эне кунолуу. Иштейм деген кишиге Кыргызстанда иш толтура. Ал жакка кетип, бул жакта эри калса ,ал жактан убактылуу эрге тийип,убактылуу катын алып жургонор баарына белгилуу,анткени силер ал жакка ошондой амаральный жашоо учун барасынар
-1
jasgul
2016-08-28 08:38:47
Cekech,кой анчалык каттуу кетпе. Бирок адамдар кор дуйнонун кулу болуп калдык. Москвага барган коншусу байып атат катар катар уй салып. Аны коруп ошондой турмушту энсеп жоноп атпайбы. Кайран омурлор, кайран кыздар...Ажал улук пешенесине ошол жазылыптыр да. Сабак болсун ар бир Ата энеге. Коншу мамлекеттен деле канча адамдар иштеп журот. Бул кырсык.
0
Cekech
2016-08-28 08:30:42
Ananai,чындык ошонтип жакпайт.келгиледа иштегиле ал жакта кор болбой,Кыргызстанда иштейм десен иш толтура,же Атамбаев силерде зордоп кетирип кайта келбе дедиби? Бакиев,Акаев учурунда эле кетип ал жакта эркин жургонго конгонсунор
-2
Frunze74
2016-08-28 10:05:04
Cekech, оозунду коптуро бербей айтчы, Кыргызстанда кайсы жумуш бар кыйраткан, айлыгы 20-30000 мин?! Керек болсо 2-3 дипломдуулар жумуш таппай журушот. Россияда бир миллиондой кыргыз болсо Атамбаев 1/10 же б.а. 100000 адамды жумуш менен камсыз кыла алабы? Кыргызстанда жумуш болсо анда мынча адам эмнеге барсын Россияга озун ойлонбойсунбу? Атамбаевдин только сатышты билет, алтын-кумуштун бирин койбой сатып жатат, атасы Атамбайдан мурас калгансып...
-1
Ananai
2016-08-28 10:29:00
Cekech, Капа болбонуз,бирок менин билимим сиздикинен жогору окщойт менимче.Мен орус тил факультетин бутургом болгондо да эн жогорку магистратураны.Диплом чан басып жатат.Ал жактан ишке кирейин десен бардык жерде коррупция.Жумушка таанышын болсо гана кире аласын,и айлыгы ото аз.Миллион айлык ала тургансып кыйналып пара берип киргенден коро,бул жакта жумуш толтура.
+2
sabyr86
2016-08-28 08:52:05
Туура Москва деп эле эрте тургандын баары эле кетип атат.бул эң оңой жолду тандоо деп билем!балдарына да боорлору ооруп койбой жүрө беришет,жок дегенде 2 жыл иштеп баса бериш деген жок.барып жашап алышат бул жакта баласы тарбия көрбөй,мээрим көрбөй чоңоюп аткандары м.н иштери жок,жердештер акча үчүн балдарыңарды тирүүлөй жетим кылбагылачы сураныч.
0
Cekech
2016-08-28 09:06:37
sabyr86,ошо да,Россияга кетип оной жол табам дешет,мен оз козум менен коруп тунулгом биздин кыргыздардан. Иши кылып кетиш керек.жок дегенде легалдуу иштесер болбойбу.Москвада иштеп Катар Катар уй салгандар бар,бирок алар чанда кана,алар жакшы легалдуу иштегендер. Коргом,1комнатага 20 киши жашап, Баардыгы баары бири бирине тийип алышып убактылуу. ..иши кылып журосунор орустардын мусорун ташып. Бул жакта деле Тазалыкта иштегилечи,ошондой эле акча толойт. Ошол 16-17 жашкыздардын ата энеси кунолуу
-1
Sirduusezim
2016-08-28 09:36:38
Туура тугандар эгеь 12мучонор бутун 6санын аман болсо кыр.да иштесе болот. Мисалы менин байкемдер Кыргызстандале 30мин жонле табат зато нак алат квартирага толобойт, регис.ця кылбайт. Эжемдер расияда балда.н корсонор ыйлагым келет байкуш болуп ойлонуп журушот
-3
Cekech
2016-08-28 09:49:44
Sirduusezim,ошо да,ошол эле Тазалыкта менин жолдошум иштейт,35-40мин алат, мусор жыйнап. Кэчее Кара балтадан жол кырсыктан 9адам олду,муна да Атамбаевден коруп жатышат,айдоочулар куноолу жерде. Керек болсо,жалгыз Атамбаев иштеп айтат,Кыргызым деп.Коч бара бара тузолот,олгондорду жаны жаннаттан болсун, муну кырсык дейт. Жакындарына сабыр берсен жараткан.
-2
Frunze74
2016-08-28 10:12:02
Cekech, эл коруп турат кантип "кыйратып" жатканын. Кийинки муунга алтын-кумуш ордуна мусор калды. Баарын сатып отуруп Кыргызстанды да сатып бутот бул кетиште...
+1
Frunze74
2016-08-28 10:20:18
Кыргызстанда кочо шыпырып иштеген дворник байке-эжелер реально канча айлык алат, билгендер жазып койгулачы...
0
kubat_73
2016-08-28 10:39:08
Cekech,Коч бара бара тузолот деп келе жатабызго 25жылдан бери бирок биздин коч тузолбос болду го кашайып
0
Serenada
2016-08-28 10:03:56
Кыргыздар пейилибизди ондосок куноону озубуздон издесек ынтымактуу болсок баары жакшы болмок алмай жутмай бизде баары
+4
All_alone
2016-08-28 11:23:26
Терен кайгыруу менен конул айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
0
Arslan12
2016-08-28 11:55:36
Тирилик деп эне суту озунан кетпей кеткен кыздарыбызга бийлик озу куноолуу,
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан