Чүй облусунда дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Сүймөнкүл кызы Айпери изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2001-жылы туулган Сүймөнкул кызы Айпери 21-август күнү саат 19:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Анын бою 155-160 сантиметр, чачы жана кашы кара. Ошол күнү көк футболка, кара спорттук шым кийип жүргөн. Өзгөчө белгилери: сокур ичегесин (аппендицит) алуу операциясынан кийинки тырыгы бар.
Эгер аны көрүп-билгендер болсо, (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0555) 03-60-00 телефон номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар.