Кадамжай районунда 47 жаштагы жарандын денеси суудан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-август күнү саат 07:00 чамасында Пүлгөн айылынын 1969-жылы туулган тургуну дайынсыз жоголуп кеткен. Аталган жаранды издөө иштерине куткаруучулар тартылып, 28-август күнү Халмион каналынан издөө иштерин жүргүзүшүп, Заречная көчөсүндө суунун топтолгон жеринен аталган жарандын жансыз денесин таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.