Баткен районунда мал кайтарганга кетип дайынсыз болуп жаткан 23 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-август күнү Ак-Татыр айылынан 1993-жылы туулган Ж. уулу Н. Геревшин жайлоосунун Ак-Суу аймагында мал багып жүргөн агаларына жардам бергени кеткен. 26-август күнү малды чогултуу үчүн үч тууган үч тарапка чыгышып, натыйжада Ж. уулу Н. кайрылып келген эмес. Дайынсыз жоголуп кеткен жарандын туугандары аны өз алдынча издеп, бирок таба алган эмес.
"27-28-август күндөрү жүргүзүлгөн издөө иштери да натыйжа берген эмес. Учурда РИИБдин кызматкерлери жана райондук ӨКМнын кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.