Ош облусунун Кара-Суу районунда 60 жаштагы жергиликтүү тургун изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-август күнү саат 10:00 чамасында Таш-Арык айылынын тургуну, 1956-жылы туулган М.Ү. мас абалында үйүнөн чыгып, Отуз-Адыр каналын бойлоп жүргөн. Бирок ошол бойдон дайынсыз жоголуп, үйүнө кайтып келген эмес. Каналга түшүп кеткени белгисиз. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн. Азырынча жыйынтык боло элек. Издөө иштери бүгүн да улантылат.