“Манас” аэропортунда башка адамдын паспорту менен Стамбулга кетүүгө аракет кылган аял кармалды

“Манас” аэропортунда башка адамдын паспорту менен Стамбулга кетүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 28-август күнү “Манас" аэропортунун көзөмөл-өткөрүү жайында чек арачылар тарабынан кармалган. 1981-жылы туулган М.А. өзүнүн паспортун жоготуп алгандыктан, башка адамдын паспорту менен Стамбулга кетүүгө аракет кылган. Учурда тиешелүү материалдар толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
DNurgiza
2016-08-29 13:50:23
неге андай ишке барды экен....балким балдары үчүн айла жок акча тапканы кетип аткандыр...
-2
Syper.kelin4ek
2016-08-29 14:24:18
DNurgiza,прям айла жок дечи
0
Aman-moskva
2016-08-29 14:46:06
Ушуга окшогон окуялар кобой ду го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан