Борбор калаада бейбаштыкка шектелген жаран кармалды

Борбор калаада бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 34 жаштагы С.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 28-август күнү саат 13:30 чамасында мас абалдагы европа улутундагы белгисиз жаран дүкөнүнө кирип келип, дүкөндүн ичиндеги муздаткычтын айнегин талкалап, качып кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 25 жаштагы З.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ruslanz
2016-08-29 13:40:51
Бейбаштын озун кармаган болсо жакшы. Кочодогу бироону кармап кыйнап мойнуна алдыртып койбой.
0
Syper.kelin4ek
2016-08-29 14:23:46
Тобоо арамсынар арам,оюнар жаман бузулуп калган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан