11-августта Түштүк Кореянын Сеул шаарында болуп өткөн XIII Сеул Эл аралык бий сынагынын жыйынтыгы боюнча кыргыз балетинин артисти Марат Сыдыков эркектер арасындагы балетте күмүш медалдын ээси болгон. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Бул эл аралык балет сынагында Марат Сыдыковдун 4-ирет эл аралык сыйлыкты алышы. Буга чейин ал алгачкы күмүш сыйлыгын 2014-жылы Сочи шаарында өткөн "Дүйнөнүн жаш балет бийчиси" сынагында алган. 2015-жылы кыргыз артисти Сеул шаарында өткөн сынакта өзгөчөлөнүп, үчүнчү орунду камсыз кылган. Ал эми 2016-жылы Пермь опера жана балет театры тарабынан уюштурулган "Арабеск" сынагында байгелүү орунга ээ болгон", - деп айтылат маалыматта.