Ош шаарындагы борбордук базарда колдонуу мөөнөтү эбак өткөн сагыз, момпосуй сатылууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Сатуучулардын дээрлик баарында ушул көрүнүш. Алар түрк фирмасы алып келип өткөрүп жатканын айтышты. Бул сатылып жаткан азыктарды канча адам алат, ден соолугуна зыяны тиет. "Эмнеге мөөнөтү өтүп кеткен нерселерди сатасыңар?" десем, "албасаң караба" деп кайра мага жооп кайтарышты. Бизде эч ким көзөмөлдөбөйбү?" - деген суроо салды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.