Каракол шаарындагы баш аламандык боюнча кармалган журналисттин иши сотко өттү

Каракол шаарындагы баш аламандык боюнча кармалган журналист Кенжебек Жумабаевдин иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта журналисттин жактоочусу билдирди.

Жактоочунун айтымында, ишти Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карайт. Азырынча биринчи сот отурумунун качан болору белгисиз.

Айта кетсек, 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында баш аламандык орун алып, анда ошол учурдагы өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев барымтага алынган. Мунун негизинде “барымтага кармоо”, “массалык баш аламандык”, “мамлекеттик кызматкердин өмүрүнө кол салуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurkasym-2014
2016-08-29 20:07:37
Эх бийликтин жузу.Каптагаевди ошондо ортоп салышса деле болмок.Кичине башка чиновниктер сестенип калаар беле.Учурдагы бийликти туп тамырынан жоготпосо мамлекетибизди тоногону тоногон.Бул бийликтен жакшылык кутуп кереги жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан