Баткен. Мал кайтарганга кетип 5 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иштери улантылууда

Баткенде мал кайтарганга кетип 5 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-август күнү Ак-Татыр айылынан 1993-жылы туулган Ж. уулу Н. Геревшин жайлоосунун Ак-Суу аймагында мал багып жүргөн агаларына жардам бергени кеткен бойдон дайынсыз болууда.

"26-август күнү малды чогултуу үчүн үч тууган үч тарапка чыгышып, натыйжада Ж. уулу Н. кайрылып келген эмес. Дайынсыз жоголуп кеткен жарандын туугандары аны өз алдынча издеп, бирок таба алган эмес. ӨКМнын №3-Издеп-куткаруу отрядынын куткаруучулары кечээ издөө иштерине чыгышып, учурда кайтып келише элек", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан