Өз кесибин чындап сүйгөн адамдар гана түрдүү тобокелдикке барып, кайталангыс чыгармаларды жаратышат. Айпери Кубик кызы кезектеги клибин суудан коркконуна карабай суу ичинде тартууга макул болгон. "Суунун түбүндө ырдайм деп эсимди жоготуп коё жаздадым" дейт күлүп. Орус тилиндеги "Не отпускай" ырынын клибин тартуу иштери Москва шаарында болгон. Бул тууралуу SUPER.KG`ге билдирген ырчы кыйынчылыктар жана кызыктар тууралуу буларга токтолду:
"Менин фобиям суу болчу. Сууда көзүмдү ачмак тургай сүзө алчу эмесмин. Клип үчүн баарына даяр болуп, коркууну жеңгенге туура келди. Бир саатта тартып бүтүш керек эле. Сюжет боюнча суу астында көзүмдү ачып ырдоого туура келди. Алгач сууну көп жутуп, кайырмасын ырдап жатканда оозума, мурдума суу кирип, тартылып бүткүчө эсимди жоготуп коёюн дедим. Кыскасы, суунун түбүндө образга кирип ырдоо аябай кыйын болду. Бирок эч нерсеге карабай, көгөрүп жатып тартууну улантып, максатыма жеттим. Камера жакшы болгондуктан баары тунук алынып, кургактыкта тартылып жаткандай эле болду".
Ырчы учурда клипти монтаждоо иштери жүрүп жатканын, жакын арада бет ачарын өткөрө турганын кошумчалады.