Бишкекте иштебеген жол чырактын айынан 2 унаа сүзүштү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 30-августта кабарлады.
"Жол чырак иштебегенине байланыштуу Бөкөнбаев көчөсү менен келе жаткан Хонда Степвагон автоунаасын Панфилов көчөсү менен бараткан Гольф-3 автоунаасы сүзүп, жыйынтыгында Хонда Степвагон оодарылып кеткен. Ушундай жол кырсыктары көп болгондугуна байланыштуу Панфилов көчөсүнө атайын дөңсөөлөрдү коюп беришсе же жол чырак күнү-түнү иштесе жакшы болмок", - дейт окурман.
"Бул жол кырсыгында жаракат алгандар, каза болгондор жок. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө", - дейт Бишкек шаардык патрулдук милиция кызматынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.