Араван районуна караштуу №1-балдар бакчасындагы эски имарат балдар үчүн коркунучтуу абал жаратууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына бүгүн, 30-августта WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Балдар бакчасы 1941-жылдары балдар үйү болуп курулган имарат менен бир короодо жайгашып, ашкананын чатыры менен имараттын чатыры бир жабылган. Имарат өтө эски, четинен урап жатат. Азыркы мезгилде балдар бакчасындагы 100дөн ашуун балага жана кызматкерлерге имараттын кулашы коркунуч туудуруп жатат. Коркунуч туудуруп жатканына эч ким көңүл бурбайт. Мамлекет тарабынан жардам берилет деген үмүтүбүз бар", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.