Бүгүн, 30-августта Бишкекте "Рио-де-Жанейро-2016" Паралимпиада оюндарына катыша турган спортчуларга, делегациянын мүчөлөрүнө аккредитациялык карталар жана атайын белгилер тапшырылды. Иш-чарага Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов катышып, спортчуларга ийгилик каалады.
Делегациянын курамында Марат Аскарбеков (делегациянын жетекчиси), Бакыт Исаков (Улуттук Паралимпиада комитетинин президенти), Аднан Жабраилов (машыктыруучу), Эсен Калиев, Жыргалбек Оросбаев жана Арстанбек Базаркулов (спортчулар) бар. Курам 2-сентябрь күнү эртең менен Бишкек шаарынан Бразилияны көздөй жөнөп кетет.
САЛТКА АЙЛАНГАН ПАРАЛИМПИАДА 3 СПОРТЧУБУЗ БАЙГЕГЕ УМТУЛАТ
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында өтүүчү Паралимпиада оюндары быйыл 15-ирет уюштурулуп жатат. Мелдеш салттуу түрдө Олимпиада оюндары өткөн жайда орун алат. Оюндардын программасында 22 спорт түрү бар. Жалпысынан 528 комплект медаль ойнотулат. Катыша турган мамлекеттердин саны 178ди түзсө, спортчулардын саны 4350нү түзөт.
ЭСЕН КАЛИЕВ
Туулган жылы: 1983-жыл, 2-январь
Туулган жери: Чүй облусу, Жайыл району, Новониколаевка айылы
Спорт түрү: Пауэрлифтинг
Жетишкендиктери: 2016-жылы Дүйнө кубогунун ээси, 2015-жылы Европанын Ачык биринчилигинде коло медаль тагынган.
Спорттук даражасы: Эл аралык класстагы спорт чебери
АРСТАНБЕК БАЗАРКУЛОВ
Туулган жылы: 1989-жыл, 14-ноябрь
Туулган жери: Нарын облусу, Нарын шаары
Спорт түрү: Жеңил атлетика
Жетишкендиктери: Эл аралык жана жергиликтүү мелдештердин катышуучусу
Спорттук даражасы: КРнын Спорт чебери
ЖЫРГАЛБЕК ОРОСБАЕВ
Туулган жылы: 1993-жыл, 19-июль
Туулган жери: Бишкек шаары
Спорт түрү: Пауэрлифтинг
Жетишкендиктери: Жаштар арасында Азия чемпиондугун жана Дүйнө чемпиондугун уткан, Дүйнө кубогунда коло медаль тагынган.
Спорттук даражасы: Эл аралык класстагы спорт чебери
Аднан Жабраилов, пауэрлифтинг боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу: "Калиев алдынкы 6 спортчунун катарына кириши керек. Тажрыйбалуу спортчу. Калган спортчулар боюнча болбоду дегенде өлкөнүн рекорддорун жаңылашы керек".
КЫЗЫКТЫРУУЧУ СЫЙЛЫКТАР
Паралимпиада оюндарына катыша турган спортчуларга өкмөттөн каралган акчалай сыйлыктын суммасы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга убадаланган акчалай сыйлыктан айырмаланбайт. Өкмөттүн 2016-жылдын 1-февралындагы токтомунун негизинде алдынкы сегиздикке кирген спортчулар үчүн акчалай сыйлык каралган.
Ээлеген орундар боюнча каралган каражаттар:
1-орун (алтын медаль) - 7 000 000 (жети миллион) сом;
2-орун (күмүш медаль) - 5 000 000 (беш миллион) сом;
3-орун (коло медаль) - 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сом;
4-орун - 2 000 000 (эки миллион) сом;
5-орун - 1 000 000 (бир миллион) сом;
6-орун - 900 000 (тогуз жүз миң) сом;
7-орун - 800 000 (сегиз жүз миң) сом;
8-орун - 700 000 (жети жүз миң) сом.