Борбор калаада уурулукка шектелип 25 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 51 жаштагы Г.О. кайрылган. Анда ал 26-август күнү белгисиз жарандар анын үйүнө кирип, 5 даана килемин уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 25 жаштагы З.В. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.