Панфилов районунда 10 килограмм баңгизат менен 31 жаштагы жаран кармалды

Чүй облусунун Панфилов районунда 10 килограмм баңгизат менен 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-августта жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Панфилов районунун аймагынан 31 жаштагы К. уулу У. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан жалпы салмагы 10 килограммды түзгөн героин алынган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан