29-августта Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдештин жарым финалдык оюндары орун алды. Бул күнкү оюндардын жыйынтыгында финалга "Талас" жана "Достук" командалары чыкты. Ал эми 3-орун үчүн беттеш "Арашан" жана "Сары-Өзөн" командаларынын ортосунда болмокчу.
Финалдык беттеш жана 3-орун үчүн болгон беттеш 31-августта орун алат.
Жарым финалдык беттештер:
"Талас" (Талас) - "Арашан" (Чүй) - 14:8
"Достук" (Ош) - "Сары-Өзөн" (Чүй) - 9:1
3-орун үчүн болгон беттеш:
"Арашан" - "Сары-Өзөн". Башталышы: 10:00
Финалдык беттеш:
"Достук" - "Талас". Башталышы: 14:00