Футбол боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Александр Крестинин бүгүн, 30-августта болчу Казакстан курамасына каршы беттеш боюнча ой бөлүштү. КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, машыктыруучу бул өтө маанилүү беттеш экенин белгилейт.
"Биз үчүн жолдоштук беттеш менен расмий беттештин айырмасы жок. Ар бир оюнда жеңишти максат кылабыз. Жыйынтыгы кандай болорун көрөбүз. Биз жеңишке жетүү үчүн болгон аракетти жумшамакчыбыз. Казакстан курамасы күчтүү экени белгилүү. Бул күнү жакшы оюн болот жана биз өз оюнубузду таңуулаганга аракет кылабыз. Өз стадионубузда ойноп жатканыбыз бизге кошумча дем берет", - дейт машыктыруучу.
Кошумчалай кетсек, беттеш Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алат. Оюнга 20:00дө старт берилет.