Кыргыз футболчулары Казакстанды 2:0 эсебинде утушту

Күйөрмандар көпкө кетпей, футболчуларга кол чаап турушту. Албетте, бул улуттук кураманын көптөн күтүлгөн жеңиши болду.

21:51 Казак футболчуларынын көргөн аракети текке кетип, оюн ошол бойдон аягына чыкты.

21:43. Оюндун 82-мүнөтүндө чабуулчу Мирлан Мурзаев эсеп айырмачылыгын 2 голго жеткирди.

21:30. Оюндун 70 мүнөтү артта калды. Эки тараптын футболчулары кезек-кезеги менен чабуулдарды уюштуруп жатышат. Эсеп санында өзгөрүү боло элек. Дагы да болсо кыргыз футболчулары 1:0 эсебинде алдыда.

20:45. Кыргыз футболчулары бурчтан чыгаруу укугуна ээ болушту. Бурчтан чыгарылган топту атаандаштын коргоочулары айып аянтчасынын сыртына чыгарышты. Бул учурда коргоочубуз Валерий Кичин сол буту менен сокку узатып, эсепти ачты.

20:35. Оюндун 32 мүнөтү артта калды. Оюн эсеби ачыла элек.

Башкы калыс Чарымурат Курбановдун ышкырыгы жаңырып, беттешке старт берилди.

Андан соң Москвадагы кырсыктан улам каза тапкан кыргыз кыздарын эскерүү иретинде 1 мүнөттүк аза күтүү аземи орун алды.

Футболчулар менен күйөрмандар гимнди чогуу ырдашты.

20:00. Жаш ырчы Айымжандын аткаруусунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни обого жаңырды.

19:45. Күйөрмандар буга чейин күтүлгөндөй стадион толо келген жок. Учурда алар стадиондун 50-60 пайызын гана ээлеп турушат.

19:35. Ал ортодо командалардын башкы курамдары элге тааныштырылды. Улуттук кураманын алгачкы мүнөттөрүнөн тарта майданга чыга турган курамы төмөнкүчө:

Дарбазачы: Валерий Кашуба

Коргоочулар: Дениэл Тего, Азамат Байматов, Валерий Кичин, Виктор Майер.

Жарым коргоочулар: Ислам Шамшиев, Бахтияр Дүйшөбеков, Эдгар Бернхард.

Чабуулчулар: Ахлидин Исраилов, Антон Землянухин, Мирлан Мурзаев.

Майдандын аркы четинде Казакстан курамасы машыгуу өткөрүп жатат.

19:30. Командалар оюн алдындагы кыска убакытка созулуучу машыгууга чыгышты. Улуттук курамабыздын башкы курамы өзүнчө машыкты.

19:14. Кыргыз жеринде Казакстан курамасын жалгыз калтырбай колдоо үчүн күйөрмандар да келишкен. Фанаттар кыймылынын өкүлү билдиргендей, казакстандык күйөрмандардын саны 40тын тегерегинде.

19:10. Оюнга байланыштуу стадиондун тегерегинде унаа кыймылына чектөө киргизилген. Тактап айтканда, Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү, Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул жактарга алдын ала тосмолор коюлган.

19:05. Негизи, элдин көп келүүсү үчүн мындай беттештер жумуштан тышкаркы убакыттарда башталат. Күйөрмандар буга чейин эле билеттерин сатып алып коюшкан. Билет баалары 200, 350 жана 500 сомдон болду.

19:00. Бүгүн, 30-августта Бишкекте Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курамасы Казакстан курамасы менен беттешет. Жолдоштук беттешке 20:00дө старт берилет. Бул командалардын буга чейинки оюндарында жеңиш көбүнчө атаандаш тарапта болгон. 5 ирет казак футболчулары жеңишке жетишсе, 2 беттеш тең чыгуу менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (109)
ulanbek2000
2016-08-30 23:34:10
Кыргызстан алгааа. Эркексинер
+3
escape
2016-08-30 23:40:51
Жакшы жанылык бар экенго Кыргызстанда да, балли жигиттер алга демекчимин.
+4
elmurat.kg
2016-08-30 23:47:53
вайбааай...соонун оюн болдуго озуда кыйкыра берип тамактар оруп кетти...алга Кыргызстан алгааааааа
+2
JaparkulovaSamara
2016-08-31 00:31:07
Комментарийдин баарын баштан аяк окусан кулкун келет!азаматтар биздин жигиттер алга!умутубуз чон силерден
+1
jooshbala
2016-08-31 00:42:09
Молодцы сүйүнгөн смайлик
+1
Мэри
2016-08-31 00:54:44
Жакшы жаңылык, жеңиш кут болсун!
0
dastan_nookat
2016-08-31 01:35:19
Кийинки ойун кайсы команда менен
0
Jigit.1982
2016-08-31 07:35:56
dastan_nookat,Филиппин командасы менен сентябрда ойнойбуз.
0
kapriznaialadyy
2016-08-31 02:45:34
Алга кыргызстан
0
cyrus
2016-08-31 03:37:22
Барекелде жарайсынар
0
Altynbekakyn5
2016-08-31 10:02:14
Оле оле кыргызстан алга
0
askarkgaskar
2016-08-31 10:54:32
Мааалааадец ойносо болот экенго
0
admin_portal
2016-08-31 13:16:24
bema_bema, Ertuugan, sher.ella, жеке билдирүүлөр купуяга!
0
anonymous
2016-09-01 00:06:23
6- сентябрда филиппин менен ойнойт Кыргызстан
+1
OSHO
2016-09-01 00:10:13
Бир керемет ойюн болду!
0
OSHO
2016-09-01 00:15:00
6 сентябрда, шарт болсо, сөзүз стадионго баргыла, кечээ толук болбой калды!Колдойлу биздин Ак-Шумкарларды!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан