Бишкектеги Кытай элчилигинде болгон жардыруу боюнча кылмыш иши козголду

Бишкектеги Кытай элчилигинде болгон жардыруу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш иши терроризм фактысы боюнча козголгон. Учурда окуя болгон жерде ыкчам иликтөө тобу иштеп жатат.

Айта кетсек, бүгүн Бишкектеги Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазага Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта сүзүп кирип, жарылган. Натыйжада жарылган унаанын ичиндеги жан кечти-террорист каза болуп, эки күзөт кызматкери жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuru95kg
2016-08-30 22:35:35
ал Кытай менен Кыргыз мамилесин узуу иш аракетиндеги бир оюнга окшоп атышаткоо дейм, бирок бул оюн кыргыз же кытайдын оюну эмес башка олкодон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан