Бишкекте футбол күйөрмандарынын ортосунда мушташ чыгып, ок атылганы кабарланды

Бишкекте Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курамасы менен Казакстан курамасынын беттешинен соң күйөрмандардын ортосунда мушташ чыкканын айрым интернет колдонуучулары жазышты. Алардын баамында, мушташ 30га жакын баланын катышуусунда болуп, кээ бири катуу сабалган. Ошондой эле белгисиз бирөөлөр тарабынан ок атылганы да кабарланууда. Бул туурасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, мушташ жана ок атылганы тууралуу эч кандай маалымат жок экенин билдиришти.

Айта кетсек, 30-август күнү Бишкекте Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курамасы Казакстан курамасы менен беттешкен. Жолдоштук беттешке 20:00дө старт берилип, ал кыргыз футболчуларынын жеңиши менен аяктаган.

Футболдун акырында фанаттар мушташ уюштурушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Topchubai
2016-08-31 11:37:09
орустардан жукканбы дейм мушташ?
+4
janym_eka
2016-08-31 11:43:32
Topchubai,братан озун айткандай сыныктан башкасынын баары жугат
+3
janym_eka
2016-08-31 11:37:15
Казак тарап чычалаптырда
+3
tulpar90
2016-08-31 12:33:00
Бул достукту бекемдөө өткөрүлгөн оюн элего .
+2
erlist
2016-08-31 15:01:51
Мунсуз футбол корко чыкпайт да ХХХ ХХХ
-2
admin_superstan
2016-08-31 15:53:44
erlist, провокациялык билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
0
Samash
2016-08-31 16:01:44
Баяны эле орус европаны туурайт, кыргыз казак орусту
+1
i-bilim
2016-09-01 12:52:40
Азамат не деп тантырап салган я))))) "Урматтуу мекендештер, эртенки 31-август куну улуттук биздин мамлекетибизди эгемендуулук куну менен 25ти жылы менен куттуктайбыз! ААААА!.. Бул жениш сиздерге учун арнайбыз!")) Рахмат, ошентсе да!)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан