Сүлүктү шаарында 57 жаштагы жаран көлмөгө түшүп кетип каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-августта саат 19:05те "Сүлүктү шахта-курулуш” шахтасынын жанындагы көлмөгө 1959-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. ӨКМнын куткаруучулары окуя болгон жерге барышып, жарандын жансыз денесин суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.