23-августтан 24-августка караган түнү Италиянын борбордук бөлүгүндө катталган жер титирөөдө каза тапкандардын саны 293 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Учурда куткаруучулар кыйроолордун алдында калган жарандарды издөө иштерин улантышууда. Күчү 6,3 баллга жеткен жер силкинүүдөн Лацио Марке жана Умбрия аймагындагы көптөгөн имараттар зыянга учурап, айрымдары жараксыз абалга келди. Эң эле катуу зыян тарткан аймак Аматриче шаарчасы болду, ал жакта каза тапкандардын саны 230 адамды түздү. Жабыркагандардын так саны айтыла элек, себеби дайынсыз жоголгондор да бар", - деп айтылат маалыматта.