Бүгүн, 31-августта саат 15:20да Баткен-Исфана жолунун 35-чакырымында дизель майын ташыган Хово үлгүсүндөгү машина оодарылып кетти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Ховону катуу ылдамдыкта айдап бараткан айдоочу унааны башкара албай, ал оодарылды. Унаа күйүп, 40 тоннага жакын дизель майы Баткен шаарына кетчү суу каналына куюлуп кетти. Бактыга жараша, айдоочусу аман калды. Ал эми унаа толугу менен күйүп, катуу жарылуу болду", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.