"Талас" командасы көк бөрү боюнча президенттин кубогун утуп, 1 миллион сомго ээ болду

Бүгүн, 31-августта Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдеш жыйынтыкталды. Мелдешке жалпысынан 12 команда катышкан.

Мелдештин финалына Оштун "Достук" командасы менен таластык "Талас" командасы чыккан. Бул командалардын ортосундагы беттеш 3:1 эсебинде таластыктардын жеңиши менен аяктады. Ушуну менен өз тарыхында 3-ирет бул кубокту уткан "Талас" командасы баш байгеге коюлган 1 миллион сомду өңөрө кетти. 2-орунду ээлеген "Достук" командасы 500 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алды. Ал эми 3-орун үчүн болгон беттеште "Сары-Өзөн" командасы "Арашанды" 2:1 эсебинде утту. Коло байгенин ээси 250 миң сом акчалай сыйлык алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Elvanu
2016-08-31 18:44:45
Азаматсынар Жигиттер , Бар болгула Ден соолукта болгула Кыргыздын Желегин желбиреттип !!!
+2
DNurgiza
2016-08-31 18:53:21
байгеңер кут болсун!
+2
vrach
2016-08-31 19:29:26
Таластык эмес Таластын Талас командасы
+1
Chupa
2016-08-31 19:44:42
Кимиси болсо да, байге кут болсун. Кыргыздын оюндарын унутта калтырбай даңазалай бергиле, алтындарым
+2
MEDER_KULETOV
2016-08-31 20:00:06
Откондо Достуктан утулушту эле эми женишиптир да бар болгула кыргызымдын чыгаан жигиттери
-1
OSHO
2016-09-01 00:23:38
Талас утуп, Таластын аркасы м-н менда кесиптешим м-н мелдештип бир кой утуп жыргап отурган чагым))))))
+2
djigit90
2016-09-01 08:23:00
OSHO, хаха байге кут болсун.
+1
ere
2016-09-02 10:08:33
Видеосун кайдан корсок болот екен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан